• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке иштегени кеткен сузактык Дүйшө дайынсыз болууда, милиция коомчулуктан жардам сурайт

Кырсык 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Чаңгет-Сай айылынын 1992-жылы туулган Немат уулу Дүйшө аттуу тургуну дайынсыз болууда.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2021-жылдын 20-апрелинде болжол менен саат 15:00дө үйүнөн Бишкекке иштегени кеттим деген боюнча дайынсыз.

Милициянын билдирүүсүнө таянсак, Немат уулу Дүйшөнү үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бишкек шаарынан көргөндөр болгон. Учурда дайынсыз болуп жаткан жигиттин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жуумал, кашы, көзү жана чачы кара, орто дене түзүлүштө, сол кашынын астында жол кырсыгынан калган тырыгы бар.

Үстүндө көк түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Немат уулу Дүйшө тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу милицияга кабар берсе болот: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0558 16 16 91.

Пикир

Оставить комментарий