• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр келет — Бектенов

Экономика 0

Бишкек, 03.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекке Казакстандан апрелге чейин 643 миң тонна көмүр келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында "Электр станциялары" ишканасынын директору Талайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн келишимдин негизинде учурда Кара-Жыра кенинин көмүрү келүүдө.

“Учурда кампада жалпы 203 миң тонна көмүр бар. Борбор калаага Кавак кенинен 210 миң тонна, Казакстандан 268 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 6,5 миң тонна көмүр келген”, - деп айтты Бектенов.

Пикир

Оставить комментарий