• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Казандан 185 кыргызстандык жаран алынып келди

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бишкекке Казандан 185 кыргызстандык жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар “Авиатраффик Компани” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Ал каттам менен Россияда билим алып жаткан 167 студент жана 15 киши, анын ичинде 2 жашка чейинки балдары бар жарандар алынып келген.

Учуп келгендердин баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.

Министрлик студенттерди кайтаруу боюнча кайрылуулардын саны көп болгондуктан атайын студенттерди алып келүү үчүн каттамдарды уюштуруу иштери улантыларын билдирет.

“Министрлик чет жерде болгон студенттерди жана алардын ата-энелерине сабырдуулук кылууну жана коронавирустан улам эл аралык аба каттамдардын токтотулушуна байланыштуу кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат”, - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий