• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке хоккей легендасы Владислав Третьяк келет

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Эң белгилүү хоккейчи-вратарь, хоккей боюнча олимпиада 3 жолку чемпиону, Россиянын хоккей федерациясынын президенти Владислав Третьяк Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын хоккей федерацияларынын ортосунда меморандумга кол коюлат.

Иш-чарага КРнын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов катышат.

Пикир

Оставить комментарий