• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке кирүүдө жарандарга зарыл болгон уруксат жана башка документтерге тийиштүү түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штаб карантин жана өзгөчө кырдаал режими иштеп турган учурда Бишкек шаарына кирүүдө жарандарга зарыл болгон уруксат жана башка документтерге тийиштүү түшүндүрмө берет.

Учурда экономикалык ишмердүүлүк түрүнө уруксат берилбеген, карантин учурунда негиздүү себеп боюнча шаарда жүрүүгө муктаждыгы бар жарандардын үйдөн чыгуу себеби жана багыты көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болууга тийиш. Шаар боюнча азык-түлүк дүкөндөрүнөн, аптекадан, медициналык мекемелерден тышкары жактарга кыймыл чектелээрин жана жарандарда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер жана маршруттук баракча болуусу керектигин эскертебиз.

Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрдүн тизмесине кирген жарандарга, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча МСКнын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек (байланышты азайтуу максатында бул документтерди алуу үчүн уюмдун жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу керек).

Ал эми жеке ишкерлердин жанында патенти болуусу керек.

13-майга чейин ишмердүүлүккө уруксат берилген тармактарга тартылган жактар тийиштүү мөөрү басылган маалымдама алуусу тийиш.

Пикир

Оставить комментарий