• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнөн 400гө жакын педагог келди – алар эмнени талкуулашат?

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерелеринин V съезди башталды.

Эки күндүн ичинде чет өлкөлөрдөн келген жана кыргызстандык педагогдор туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде билим берүү системаларын өнүктүрүү темасын талкуулашат.

Съезддин ачылышы бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү, секциялык отурумдардын катышуучулары эми борбордогу университеттерге жана мектептерге барышат.

Съезд интеграциялык процесстердин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттеринин механизмдерин жана жаңы формаларын активдүү издөөгө көмөктөшөрү күтүлүүдө.

Съезддин алкагында төмөнкү маселелер боюнча 9 секциянын жумушу уюштурулат:

- Компетенттүү билим берүүнү куруунун ыкмасы;

- Билим берүү стандарттарын киргизүү эрежеси жана практикасы;

- Коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү;

- Мектептен сырткары билим берүү;

- Эрте өнүгүү жана мектепке чейинки билим берүү;

- Кесипкөй билим берүүнүн бардык деңгээлдерин өнүктүрүү;

- Улуттук квалификациялык системаларды киргизүү;

Жогоруда көрсөтүлгөн темаларды талкуулоонун жыйынтыгында съезд жыйынтыктоочу резолюцияны кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий