• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Кореядан 49 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Бишкекке Кореядан 49 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

"Биздин жарандар бүгүн, 25-июлда "T-way" авиакомпаниясынын "Сеул-Бишкек-Сеул" багыты боюнча Кыргызстандан Кореянын, Кореядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти", - деп айтылат маалыматта.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий