• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Кувейттен Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Кувейттен Бишкекке 102 кыргызстандык жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

"Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды",- деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

"Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий