• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекке Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы менен таанышуу үчүн ДССУнун өкүлү келди

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун Саламаттыкты сактоо саясаты жана системалары бөлүмүнүн директору Наташа Аззопарди Мускат өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы менен таанышуу максатында Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал бүгүн КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашып, жакынкы келечекте өлкө калкынын саламаттыгын сактоону жакшыртууга багытталган өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Министр эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен калктын керектөөлөрүнө жараша саламаттыкты сактоо кызматтарын пландаштыруу жана каржылоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча ДССУнун мындан аркы жардамына үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде Наташа Аззопарди Мускат министрге ыраазычылык билдирип, ДССУ саламаттыкты сактоо тармагында ар дайым ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерине ишендирди.

Мындан тышкары, Наташа Аззопарди Мускат Бишкектеги №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болуп, медицина кызматкерлеринин иши менен таанышып, мекемеде дарыланып жаткан бейтаптар менен баарлашты.

Ал ошондой эле өлкөнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, инфекциялык жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо тармагында кадрдык жана илимий потенциалды чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан биргелешкен иштерди талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий