• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекке Кытайдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-августта «Zhejiang Loongair Airlines» авиакомпаниясынын «Сиань-Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кытайдын 13 шаарынан Кыргыз Республикасынын 32 жараны кайтып келди. Алардын көпчүлүгү Кытайдын ЖОЖдорунда окуган студенттер. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кытай мамлекетинде жашаган бардык кыргыз жарандарына даректүү телефон аркылуу байланышуудан кийин жана КР чет элдик мекемелери менен байланышта болгон жарандардан түзүлгөн.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги КРнын жарандарын жөнөтүү боюнча бардык маселелерди чечүү максатында КЭРнын айрым мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен керектүү иштерди жүргүздү.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий