• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Кытайдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Кыргызстанга «Zhejiang Loongair Airlines» авиакомпаниясынын Сиань-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекке Кытайдан 100 КР жараны кайтып келди, алардын көпчүлүгү Кытайдын ЖОЖдорунда окушкан студенттер.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кытай мамлекетинде жашаган бардык кыргыз жарандарына даректүү телефон аркылуу байланышуудан кийин жана КР чет элдик мекемелери менен байланышта болгон жарандардан түзүлгөн. Жыйынтыгында, Кытай мамлекетинде жашаган 380 кыргызстандыктын ичинен 100 жаран мекенине кайтууну каалашкан. Алар Бишкекке кайтуу үчүн 40 башка Кытай шаарларынан Сиань шаарына келишкен. Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмесине аталган каттам менен кайтууну көздөгөн бардык жарандар кирген.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги КРнын жарандарын жөнөтүү боюнча бардык маселелерди чечүү максатында КЭРнын айрым мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен керектүү иштерди жүргүздү.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий