• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекке мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы жеткирилди

Ден соолук 0

Бишкек, 15.07.20 /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы Кытай Эл Республикасынан чартердик каттам аркылуу 200 даана көлөмдө алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта өлкөгө республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик концентраторлор алынып келинген. Ошондой эле гуманитардык көмөк көрсөтүү линиясы боюнча да концентраторлор келүүдө.

Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору, муктаждыкка жараша, республиканын саламаттык сактоо уюмдары арасында таркатылып берилет.

Пикир

Оставить комментарий