• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Монголиядан 5 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Бүгүн "Улан-Батор-Нур-Султан-Бишкек" багыты боюнча Бишкекке Монголиядан 5 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, бул каттам Монголия тарабынан Кыргызстандагы жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган.

"Чет жерде жүргөн жарандарды кайтаруу боюнча иштер уланууда", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий