• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Монголиядан алгачкы аба каттамы учуп келди

Коом 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортуна бүгүн, 6-мартта, «Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор» (Монголия) багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттам учуп келди.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты.

Улан-Батордон Бишкекке биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти.

Иш-чарага КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары М. Өскөмбаев, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Б. Шаршеев, башкы директордун өндүрүү боюнча орун басары Р. Мамашев, «Хунну Эйр» авиакомпаниясынын директору П. Мунхжаргал, Монголиянын элчиси Г. Содном жана башкалар катышты.

«МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Бакыт Шаршеев жаңы каттамдын ачылышы менен куттуктады.

«Монголия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, биздин соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенибиз билинген. Андыктан, Монголия менен кызматташуубуз чындыгында эки тарап үчүн пайдалуу жана позитивдүү болот деп ишенем. Акыркы убакта коронавируска байланыштуу кырдаалдан акырындап чыгып, жүргүнчүлөрүбүзгө жаңы өлкөлөр жана шаарларга каттамдар ачылып жатканына абдан кубанычтабыз. Аны менен бирге, бул бизнес чөйрөсүн жана бүтүндөй мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», - деди Шаршеев өз сөзүндө.

Ал белгилегендей, «МЭА» ААК жүргүнчүлөр, өнөктөштөр жана авиакомпаниялар үчүн шарттарды түзүү максатында алдына эл аралык жана региондордогу аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу милдетин койгон.

Өз кезегинде транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Өскөмбаев мамлекеттердин ортосунда аба каттамынын ачылышы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөгү алгылыктуу кадам экенин билдирди.

М. Өскөмбаевдин айтымында, «Манас» аэропорту Монголиядан келген жүргүнчүлөр үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө учуу үчүн ыңгайлуу түйүнгө айланат.

«Бул үзгүлтүксүз каттам убакытты жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Буга чейин учуу 20 сааттан 23 саатка чейин созулчу. Азыр болгону 3 саат 40 мүнөт. Учуу убактысын кыскартуу жана ашыкча чыгымдарды үнөмдөө жарандардын мамлекеттер аралык саякатка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн өзүнчө белгилеп кетким келет. Ал эми бул туризмди өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө шарт түзөт», - деп билдирди Монголиянын КРдагы элчиси Ганхуяг Содном.

«Биз Улан-Батор-Бишкек биринчи каттамын аткара алганыбызга абдан кубанычтамын. Каттам пайдалуу болуп, кыргызстандык жүргүнчүлөр өздөрүн ыңгайлуу сезет деп ишенем. Баарыңыздарды жаңы багыттын ачылышы менен куттуктайм жана өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи «Хунну Эйр» авиакомпаниясынын директору П.Мунхжаргал.

«Хунна Эйр» (Монголия) авиакомпаниясы каттамды жумасына бир жолу – жекшемби күнү аткармакчы.

Болжолдуу учуу убактысы 3 саат 40 мүнөттү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий