• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Москва, Екатеринбург жана Новосибирсктен кыргызстандыктар учуп келди

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бишкекке Москва, Екатеринбург жана Новосибирсктен кыргызстандыктар учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-августта Кыргызстанга "Урал аба жолдору" аваикомпаниясынын чартердик каттамы менен Екатеринбургдан 164 кыргызстандык учуп келди, арасында жаш балдар да бар.

Андан тышкары, бүгүн "Авиа Траффик" аваикомпаниясынын "Москва – Бишкек" багыты боюнча чартердик каттамы менен 136 кыргызстандык кайтып келген.

Ошондой эле 26-августта Кыргызстанга "Сибирь (S7)" авиакомпаниясынын "Новосибирск–Бишкек" багыты боюнча чатердик каттамы менен 121 кыргыз жараны кайтарылды, арасында жаш балдар бар.

Чартердик каттамдар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий