• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Москвадан 233 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта Кыргызстанга «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча 233 кыргызстандык учуп келди, алардын арасында 17 жаш бала бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий