• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык учуп келди, арасында жаш балдар бар

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 23-августта Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 393 кыргызстандык учуп келди, арасында 24 жаш бала бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий