• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Москвадан 393 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Бишкекке Москвадан 393 жаран − Россиянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алар “Аэрофлот – Россия аба каттамдары” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине комиссиялык тандоонун жыйынтыгы менен Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер кирген. Ошондой эле бул каттам менен алдыдагы Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн РФ аймагында окуу-машыгууларын өткөрүп жаткан Кыргыз Республикасынын пара пауэрлифтинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү, оор илдеттери бар жана Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтып келиши керек болгон жарандар, алардын ичинде жакын туугандарынын каза болгонуна байланыштуу келе турчу жарандар кайтарылган.

Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Студенттерди кайтаруу маселеси боюнча кайрылуулар көп болуп жаткандыктан, ТИМ атайын студенттерди алып чыгып кетүүгө багытталган мындай каттамдарды уюштуруу улантыларын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий