• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Москвадан 425 кыргызстандык учуп келди. Арасында медиктер бар

Коом 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-июлда «Аэрофлот – Россия авиалиния» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Бишкекке 425 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учуп келгендердин арасында 33 жаш бала жана 21 медик бар.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган. Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, КР ИИМнин РФдагы өкүлчүлүгүнүн жана элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Белгилей кетсек, бул каттам менен ошондой эле Кыргызстанга Россиядагы мекендештердин арасынан 21 адамдан турган практик медкызматкердин тобу коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.

Чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий