• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Москвадан 437 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда, Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» каттамы боюнча рейс учуп келди. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул каттам менен Россиядан Кыргызстандын 437 жараны кайтарылды, анын ичинде кичинекей балдар дагы бар.

Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия жана Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна жана борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын Элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий