• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Москвадан дагы 406 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 406 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында 26 жаш бала бар, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Борттогу орундуктар чектелүү жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий