• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекке Москвадан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-августта, «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Бишкекке 160 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен, КР Өкмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери бар жана буга чейин Россияга хирургиялык операция жана башка олуттуу медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу, кайтууга олуттуу себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелген жарандар кирди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий