• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Новосибирсктен кыргызстандыктар кайтып келди, арасында медиктер бар

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-июлда “Сибирь” авиакомпаниясынын “Новосибирск – Бишкек” багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 208 жараны, анын ичинде жаш балдар кайтып келди. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Новсибирсктин ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Аталган каттам менен Новосибирск, Забайкалье аймагы, алыскы чыгыш, Алтай Республикасы, Кемерова жана Сахалин облусундагы кыргызстандыктар кайтарылган. Ошондой эле Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө 8 ыктыярчы медкызматкер да келди.

Белгилей кетсек, “Новосибирск – Бишкек” каттамы менен 700 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык каражаттар, дары-дармектер да келген.

"Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда", - деп кошумчалашты ТИМден.

Пикир

Оставить комментарий