• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда Кыргызстанга «Авиатрафик» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты боюнча Россиядан Кыргыз Республикасынын 192 жараны келди, алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде, анын ичинде кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникасынан операция болгондор, сибир ЖОЖдо окуган студенттер – Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы – дарыгер, медайымдар киргизилди.

Чартердик каттам чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Жарандарды кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий