• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын «Новосибирск-Бишкек» багыты боюнча Россиядан 185 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар. Каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутск, Абакандан, ошондой эле Сибирь Федералдук округунун башка шаарларынан КР жарандары келди.

Ошондой эле каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы баасы 200 миң рублдан ашык болгон дары-дармек каражаттарынан турган гуманитардык жүк келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий