• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск – Бишкек каттамы менен Россиядан 213 КР жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Сибир федералдык округундагы шаарлардагы жана региондордогу кыргыз жарандарынын кайрылуулардын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн сунушу менен түзүлгөн.

“Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган”, - деп билдиришти министрликтен.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий