• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда Новосибирсктен (Россия) Бишкекке 186 кыргызстандык жаран алынып келди, алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

"Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды",- деп айтылат маалыматта.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугуна келип түшкөн арыздардын кезегинин иретинде түзүлгөн, анын ичинде 19 кош бойлуу аял 10 жаш бала, 57 студент, жогорку окуу жайларында окугандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

"Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий