• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

Коом 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 184 жараны учуп келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Красноярск, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларынан келишти.

Мындан тышкары бул борт менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки аппарат жана 200 миң рублдан ашык суммадагы дары-дармектерден турган гуманитардык жүк келди.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий