• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Пакистандан 94 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнь күнү Пакистандан Бишкекке 94 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар “Исламабад-Бишкек-Исламабад” каттамы боюнча “Pakistan International Airlines” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келишкен.

“Бул каттам Пакистан тарап менен биргеликте Кыргызстандын Пакистандагы жана Пакистандын Кыргызстандагы жарандарын мекенине кайтаруу үчүн уюштурулду” - деп билдиришти министрликтен.

Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынган.

Пикир

Оставить комментарий