• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Россиядагы мекендештерден дары-дармектер келди

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Россиядагы кыргызстандыктардан Бишкек шаарына дары-дармектер келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, "Табарман" коому жана "Бакчы" соода комплекси каражат чогултуп, 524 миң рублга учурда зарыл болуп жаткан дары-дармектерди алышкан. Уюштуруучулук маселелерди, логистика жана транспорттук чыгымдарды Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз мойнуна алган.

Шаардык муниципалитетке Кыргызстандык мекендештер жөнөткөн дары-дармектерди - 100 куту "Клексан", 100 куту "Гепарин" дарысын, 100 канюля жана бир жолу колдонуучу шприцтерди Кыргызстандын Россиядагы элчисинин коомдук кеңешчиси Тимур Саралаев өткөрүп берген.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия маалында жардам колун сунган мекендештерге ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий