• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекке Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкекке Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде COVID-19га каршы Россиянын эки компоненттүү «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозанын түзгөн биринчи партиясы Кыргыз Республикасына келди.

Министрлик Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте «Спутник V» вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү уюштуруу боюнча мындан аркы ишти уланта берет.

Белгилей кетсек, вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий