• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Санкт-Петербургдан 165 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бишкекке Санкт-Петербургдан (Россия) 165 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандары "Тез Жет" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу бул каттам менен келе турган жарандардын тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүү боюнча ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан түзүлгөн.

"Комиссия тарабынан тандап алуу кыргызстандык жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлерге ылайык жүргүзүлгөн. Маселен бул каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, оор илдети бар жана Россияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жүргүзүү үчүн келген, жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу мекенине кайтып жаткан жарандар кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул каттам менен коронавирус менен болгон күрөштө кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүнү каалаган үч мекендеш дарыгер келген. Андан тышкары бул каттам Ленинградда жана Санкт-Петербургда жашаган мекендештер аймактарга жардам катары дары-дармектерди берип жиберишкен.

"Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий