• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Кечээ, 1-августта Бишкекке Санкт-Петербургдан (Россия) 173 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандары "Тез Жет" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу бул каттам менен келе турган жарандардын тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүү боюнча ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан түзүлгөн.

"Комиссия тарабынан тандап алуу кыргызстандык жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлерге ылайык жүргүзүлгөн. Маселен бул каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, оор илдети бар жана Россияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жүргүзүү үчүн келген, жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу мекенине кайтып жаткан жарандар кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий