• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Санкт-Петербургдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта Кыргызстанга «Ураль авиалиния» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург–Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 162 кыргызстандык учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий