• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Сеулдан 123 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекке Түштүк Кореядан 123 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Биздин жарандар корея тарап жетишилген макулдашууга ылайык Кыргызстандын Кореядагы жана Кореянын Кыргызстандагы жарандарын мекенине алып кетүү үчүн "Сеул-Бишкек" багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам менен учуп келди", - деп билдирет министрлик.

Бул каттам менен медициналык беткап, термометрлерден турган гуманитардык жүк да келген.

Министрлик чет жерде жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий