• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекке коронавируска каршы Sinopharm кытай вакцинасынын 3-партиясы келди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкекке COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын 3-партиясы келди.

Бүгүн “Манас” аэропортунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кытай Эл Республикасынан келген 1,5 миллион доза өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Пикир

Оставить комментарий