Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-июль күнү Бишкекке Стамбулдан 165 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Биз жарандар "Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча Кыргызстандагы Түркиянын жарандарын жана Түркиядагы Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган "Pegasus Airlines" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келди", - деп билдирет министрлик.
Министрликтен билдиришкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды кайтаруу боюнча иштер улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий