• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекке Стамбулдан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга Түркиядан 341 кыргыз жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Кыргызстандан Түркиянын, Түркиядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти», - деп айтылат маалыматта.

Бул каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен Түркиянын эл аралык авиакаттамдардын жаңыланышына жана чет өлкөлүк жарандардын киришине чектөөлөрдү алып салуусуна байланыштуу транзиттик которолуп түшүү менен Кыргызстанга жарандар АКШ, Канада, Бразилия, Корея, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопиядан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенге кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий