• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Түркиядан 326 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июлда Бишкекке Түркиядан 326 кыргызстандык жаран келди. Алардын арасында жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Бул каттам КР президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, Түркия Республикасы тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдүн кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу, бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада жана Европа, Азия жана Африканын башка өлкөлөрүнөн биздин жарандарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болду, аларды чыгарып кетүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдөн улам көп убакытка чейин логистикалык каттам уюштуруу кыйынга туруп келген.

Чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий