• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекке Түркиядан кыргызстандык жарандар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 15.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда Стамбул-Бишкек-Стамбул" багыты боюнча “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Кыргызстандын 330 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Түркия менен Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен Түркиянын эл аралык авиакаттамдардын жаңыланышына жана чет өлкөлүк жарандардын киришине чектөөлөрдү алып салуусуна байланыштуу транзиттик которулуп түшүү менен Кыргызстанга биздин жарандар Малайзия, Түндүк Кипр, Япония, Франция, Швейцария, Украина, АКШ, Германия, Вьетнам, Бельгия, Швеция, Чехия, Корея Республикасы, Болгария, Австрия, Испания, Грузиядан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий