• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июлда Кыргызстанга Түркиядан 323 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча Кыргызстандан Түркиянын жарандарын, Түркиядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти”, - деп белгилешти министрликтен.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Түркия тарабы эл аралык авиакаттамды жандандырышына жана чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө чектөөлөрдү алып салышына байланыштуу транзиттик алмаштыруу жолу аркылуу Кыргызстанга бул каттам менен биздин жарандар АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швециядан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий