• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекке Түркстандан алгачкы учак келип конду

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортуна бүгүн Түркстандан алгачкы учак келип конду.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алгачкы каттамды суу аркасы менен тосуп алышты.

Бүгүн, 31-майда казакстандык «Флай Арыстан» лоукостеринин Түркстан- Бишкек-Түркстан туруктуу аба каттамы өз ишин баштады. Эми авиажүргүнчүлөр Казакстандын башкы шаарлары Нур-Султан менен Алматыга Түркстан аркылуу уча алышат.

«Учактардын учуу географиясынын кеңейүүсү эки мамлекеттин авиажүргүнчүлөрү үчүн маанилүү иш-чара. Акыркы убакта пандемиядан улам көп тармактар чектөөлөргө учурады. Айрыкча ушундай кырдаалда жаңы, туруктуу аба каттамдарынын ачылышы биздин бардык кызматкерлер үчүн да, авиажүргүнчүлөр үчүн да жакшы саамалык», - деди «Манас» аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев аземдин салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөп жатып.

«Флай Арыстан» коммерциялык кызматынын жетекчиси Ренат Абулханов жайкы эс алуу мезгилин утурлай, эки өлкө арасында дагы бир кошумча каттам – Алматы – Тамчы – Алматы ачуу каралып жаткандыгын билдирди.

Казакстандык лоукостер FlyArystan жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү абага көтөрүлөт. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий