• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке Татарстан Мамлекеттик Кеңешинин төрагасынын орун басары келди

Жогорку Кеңеш 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 21-августта Татарстан Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасынын орун басары Римма Ратникованы кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн парламенттик делегацияларынын иш сапарлары аркылуу парламенттер аралык кызматташууну жандандыруу багытындагы эки жактуу кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө тууралуу сөз болду.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө эки өлкө арасындагы саясый диалог жогорку деңгээлде. “Татарстандын парламенттик делегациясынын Бишкекке болгон сапарынын алкагында мерчемделген жолугушуулар эки республиканын ортосундагы комплекстүү өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жаңы дем берет”,- дейт Ч.Турсунбеков. Ошондой эле ал эки жактуу кызыкчылыктарды түзгөн бир катар маселелерди талкуулоого кыргыз тараптын даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Римма Ратникова Татарстандын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Ф.Мухаметшиндин Кыргыз Республикасы менен парламенттер аралык диалогду күчөтүүгө жана маданий, экономикалык кызматташуулар чөйрөсүндө диалогду кеңейтүүгө чоң маани бере тургандыгын билдирди. “Парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүдө эки жактын тең максаттары айкалыша тургандай жаңы чектерди табуубуз зарыл”,- дейт ал.

Белгилей кетсек, Р.Ратникова Бишкекке “Цивилизациялар аралык диалог үчүн Айтматовдук окуу” аттуу жазуучулардын жана интеллектуалдардын эл аралык форумуна катышууга келген.

Пикир

Оставить комментарий