• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекке өзбек автобустарынын биринчи партиясы келди, алар шаардыктарды тейлейт

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бишкекке өзбек автобустарынын биринчи партиясы келди, алар шаардыктарды тейлет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, жалпы 50 автобустун келүүсү күтүлүүдө. “Азыр бизге өзбек өндүрушүндө ISUZU маркасындагы 21 автобус келди. Калган 29у бир жуманын ичинде келет. Бул долбоор КР инвестиция министрлиги менен биргеликте ишке ашыканын белгилеп кетким келет”,-деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Кудайбергенов бул автобустар ыңгайлуу жана заманбап экенин белгиледи.

“Биз аларды шаардын борборун тейлеген линияга чыгарууну пландап жатабыз. Ошону менен шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тыгынды азайтууну көздөйбүз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий