• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын президенттери ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бул коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө багытталган алгачкы гуманитардык жардам эмес. Белгилей кетсек, кыйынчылык учурда Өзбекстан Республикасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо өз учурунда берилип, ал биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин көрсөткүчү болуп саналат», - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр стратегиялык өнөктөштүк алкагында Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы биргелешкен күч-аракеттер аркылуу COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө жеңишке жетишээрине ишеним билдирди.

Медициналык жүктүн номенклатурасы: бир жолку кол каптар - 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор - 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң упаковка, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест – 10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу тутумдар – 20 миң даана.

Пикир

Оставить комментарий