• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке жакын жерде эки унаа кагылышып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда бүгүн саат 9:00дөр чамасында айланма жолдон “Volkswagen Jetta” жана “Volkswagen Golf III” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облусунун автоинспекциясынын басма сөз кызматы билдирген.

Маалым болгондой, жол кырсыгынан 60 жаштагы аял каза болгон. Андан тышкары үч киши ар кандай жаракаттарды алган.

“Айдоочулардын бири кооптуу бурулуш деген жол белгисине баш ийбей, карама-каршы тилкедеги жолго чыгып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий