• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аламүдүн районунда муз алдына түшүп кеткен 15 жаштагы бала куткарылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылында муз алдына түшүп кеткен 15 жаштагы бала куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, окуя 31-январь күнү болжол менен саат 14:25 болгон. Тоңуп калган көлмөдө муз тебип жүргөн бала, муз жарылып анын алдына түшүп кеткен.

Окуя жерине келген куткаруучулар баланы аман-эсен куткарып алышкан. Анын абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий