• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке жакын жерде жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чүй облусунда бүгүн эртең менен күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган,-деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 9:44 чамасында катталган.

Жер титирөөнүн очогу Пригородный айылынан 13 чакырым түштүк-батышта, Арпа-Тектир айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Токмок шаарынан 38 чакырым түштүктө жана Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөө Пригородный айылында 3 балл, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий