• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекке жакын жерде жол кырсыгынан беш жаштагы бала энеси менен каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бишкектен алыс эмес Аламүдүн айылында бүгүн эртең менен жол кырсыгынан 5 жаштагы бала каза болуп, анын энеси оор каракат алып ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал да каза болуп калган.

Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгы болжол менен таңкы саат 7:30 катталган. Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен бара жатып, эки жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында бала окуя болгон жерде каза болгон, 45 жаштагы аял Чүй облустук ооруканага жеткирилген. Айдоочу тез жардам кызматы жана укук коргоо кызматкерлери келгиче кырсык болгон жерде калган. Маалыматка ылайык, катталган кырсык боюнча иликтөө жүрүүдө, унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, каза болгон баланын энеси ооруканадан алган жаракаттан улам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий