• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого карата "Таберик" залында мугалимдерди сыйлоо аземи болуп өттү. Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктарын борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева тапшырды.

Ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясы Ардак грамота менен төмөндөгүлөрдү сыйлады:

-Мельникова Любовь Алексеевна - кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүүчү №10 мектептин математика мугалими;
-Алферова Наталья Александровна –№ 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын музыка мугалими;
-Байботоева Айида Чоткараевна – № 70 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары;
-Башманова Екатерина Юрьевна – № 24 мектеп-гимназиянын орус тили жана адабияты предметинин мугалими;
-Рахманкулова Шахсанам Ибрагимовна–№21 жалпы орто билим берүү мектептин башталгыч класстарынын мугалими;
-Иванкина Лариса Тимуршеевна –№ 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын башталгыч класстарынын мугалими;
-Эрмекова Динара Эрмековна – № 64 мектеп-гимназиянын орус тили жана адабияты предметинин мугалими;
-Сейтматова Айнура Абдыманаповна – №83 жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
-Абдыкеримова Самара Абдыкеримовна –Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын немис тили предметинин мугалими;
-Каюмова Алтынай Абдуллаева – Г. Гмайнер атындагы жалпы орто билим берүү окуу-тарбия комплекс мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;
-Руренко Ольга Прокофьевна– № 26 гимназия-комплексинин башталгыч класстарынын мугалими.

Ак ниеттүү жана жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каты төмөнкүлөргө тапшырылды:

-Аникина Ирина Юрьевна – № 48 мектеп-гимназиянын математика мугалими;
-Масалбекова Осипа Бектурсуновна – № 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиянын англис тили мугалими;
-Абдыракманова Айдай Абитаевна – № 27 жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими;
-Койгелдиева Тахмина Бейшенгазиевна – № 52 жалпы орто билим берүүчү мектебинин англис тили мугалими;
-Герасимова Екатерина Николаевна – № 67 окуу-тарбия комплексинин мектеп-гимназиянын математика мугалими;
-Таманбаев Нурсултан Бактыбекович – №67 окуу-тарабия комплекси мектеп-гимназиянын музыка мугалими.

Пикир

Оставить комментарий